Сооронбай Жээнбеков Меккеге чакыруу алды

  Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-майда Сауд Арабия Королдугунун Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жуманы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, элет жерин таза суу менен камсыз кылуу, жаңы ооруканаларды, мектептерди жана бала бакчаларды куруу иштери боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Элчи Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жума ушул жылдын 31-майында Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине Эки Ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү, Улуу Даражалуу Сауд Арабия Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруу катын тапшырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катыша турган ниетин билдирди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *