Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү

   Мезгил

Бүгүн, 4-майда, президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

  Президент  Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Президентине Өзбекстан Республикасынын Сардоба суу сактагычындагы дамбанын жарылып, суу каптаганына байланыштуу колдоо сөздөрүн айтты.

Ошондой эле Президенттер коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча мындан ары биргелешкен чараларды жүргүзүү маселелери тууралуу пикир алмашты.

Мамлекет башчылары татаал мезгилде эки өлкө ортосундагы достук жана ак ниет коңшулук мамилелерден улам Кыргызстан менен Өзбекстандын бир тууган эли ар дайым бири-бирине колдоо көрсөтүп келишкендигин өзгөчө белгилешти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *