Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон чек ара маселесин талкуулашты

  Мезгил

Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон чек ара маселесин талкуулашты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Эки өлкө лидери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кызматташтыкты бекемдөө боюнча сүйлөштү.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келген. Белгилеп кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым, анын 520 чакырымы эки тараптуу такталган болсо, 450 чакырымы азыркыга чейин тактала элек.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *