Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

  Мезгил

Бүгүн 6-июлда, Кыргыз  президент  Сооронбай Жээнбеков Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

  Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын тунгуч президентин 80 жылдык мааракеси жана Казакстан Республикасынын Борбор калаасынын күнү менен куттуктады, ошондой эле ага чың ден соолук, бакыт жана бакубатчылык, ал эми боордош Казакстан элине — тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, жакшы коңшулукту орнотуу жана бекемдөөдөгү жеке салымын дагы бир жолу белгиледи.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *