Сооронбай Жээнбеков Путинге Кыргызстандын атынан ыраазычылык билдирди

Мезгил

Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү айылындагы жаңы чек ара комплексинин ачылышында Россиянын Президенти Владимир Путинге Кыргызстандын атынан ыраазычылык билдирди.

Ал салтанатка катышып жаткан Россиянын өкүлдөрүнө кайрылып, Мамлекет башчысы Кыргызстан Россия тараптын жардамын жогору баалаганын, чек ара жаатында гана эмес, аскердик-техникалык кызматташтык, билим берүү, медицина жана миграция тармактарында дагы жардам берип жатканын баса белгиледи.

-Россиянын Президенти Владимир Путиндин эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жана аймактык коопсуздукту камсыздоого кошкон жеке салымын белгилегим келет. Жакында Владимир Владимирович Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет. Россиянын Президенти Владимир Путиндин визити кыргыз-россиялык союздаштыкты жана стратегиялык кызматташууну мындан да бийик деңгээлге көтөрөт, – деди Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков ачылышына катышкан «Өтүкчү» чек ара заставасынын курулушу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык Макулдашуунун алкагында бүткөрүлгөн. Ошондой эле бул  макулдашуунун алкагында, 2019-жылдын 15-январында, Россия тарап Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматына 125 жаңы автомобилдик техникаларды өткөрүп берген. Анын ичинде адамдарды жана жүктөрдү ташуучу өтүмдүүлүгү жогору автомобилдер, сүйрөгүч автомобилдер, экскаватор-жүктөөчүлөр, автокрандар, санитардык унаалар, атайын багыттагы унаалар, бургулоочу жабдыктар бар.

Мындан тышкары, чек ара бөлүктөрү үчүн 11 имарат жана жабдыктардын комплекси курулуп, ишке киргизилген, алардын көп бөлүгү 2018-жылы жана 2019-жылдын январь айында бүткөрүлгөн.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *