Сооронбай Жээнбеков сотторду тозок менен “коркутту”

Мезгил

Судья жогорку деңгээлдеги моралдык-этикалык талаптарды, иште да, кызматтан тышкары жерде да сакташы зарыл. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта, Бишкекте өтүп жаткан судьялардын XI курултайында билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында судьянын жүрүм-турумунун этикалык стандарттарында каралган чектөөлөрдү судья өзүнө ыктыярдуу түрдө кабыл алышы керек. 2018-жыл ичинде эле жүрүм-туруму кынтыксыз болбогон бир нече судьяларды кызмат орундарынан бошотуу жөнүндө чечимдер кабыл алынган.

-Судьялар мындан тиешелүү тыянак чыгарат деп ишенем. Сот системасына көлөкө түшүргөн судьялардан арылуу процесси уланат. Бардык судьялар өздөрүнүн жогорку статусун баалап, аларга мамлекет тарабынан зор ыйгарым укуктар менен бирге чоң жоопкерчилик жүктөлгөндүгүн терең аңдап, түшүнүүсү керек.

Ошондой эле өлкө башчысы залда отургандардын бардыгына Хадистерден бир мисал келтирип, судьяларды  тозок менен “коркутту”.

-Судья деген аттын өзү адилеттүүлүк, адеп-ахлактык, ынсап, маданият деген түшүнүктөр менен бирдей турууга тийиш. Мына ушул түшүнүктөн тайган адамга сот системасында орун жок! Эң башкысы Мыйзамдан, Кудайдан коркуш керек! Ыйман болушу керек.

Пайгамбарыбыз «Сот үч түрлүү болот. Экөө тозокто, бирөө бейиште» деп айткан. Акыйкатты билип, чындык менен өкүм чыгарса анын орду бейиште. Ал эми маселени билбестен өкүм кылгандар, же акыйкатты билип туруп, бирок туура эмес өкүм чыгаргандар тозокто болот –деди Сооронбай Жээнбеков.

Өлкө башчысы Хадисттерден кеп салганы менен Кыргызстан светтик өлкө деп баш мыйзамда бадырайып жазылып турат. Соттор үчүн баарынан мыйзам бийик турушу керек. Эгерде өлкө башчысы айткандай биз Хадисттер менен сотторду түз жолго салабыз десек анда Баш мыйзамды Ажонун амирине карата оӊдошубуз кажет.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *