Сооронбай Жээнбеков: Тил саясаты мамлекеттик саясаттын актуалдуу жана маанилүү багыты

Мезгил

Илим, билим, маданий жана экономика тармагында мамлекеттик тилди тереӊ киргизүү — негизги милдетибиз. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жарандарга кеңири жайылтуу жана тил саясатын жакшыртуу боюнча  талкуулап жатып билдирди.

Анда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн күнүмдүк турмушундагы мамлекеттик тилдин өзгөчө ордун белгилеп, тил саясаты мамлекеттик саясаттын актуалдуу жана маанилүү багыты экенин баса белгилеп, ошол эле учурда мамлекеттик тилди күнүмдүк турмушта гана пайдалануу менен чектелбей, баардык тармакта кеңири пайдалануу зарылдыгын эске салды.

-Кыргыз тилинин кадыр-баркын өнүктүрүү, коомдун бардык чөйрөлөрүндө, өзгөчө мамлекеттик башкаруу системасында кеӊири колдонуу абзел. Илим, билим, маданий жана экономика тармагында мамлекеттик тилди тереӊ киргизүү — негизги милдетибиз – деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы акыркы мезгилде коомчулукта талкууланып жаткан латын алфавитине өтүү маселеси боюнча пикирин билдирди. Президент латын алфавитине өтүүнүн кажети жок экенин айтты.

-Биздин маданий, илимий потенциал кириллицага негизделген шартта калыптанып, ийгиликтерди жаратты. Биз ашыкча талкууга убакыт коротпой, колдогу мүмкүнчүлүктөрүбүз менен максаттарыбызды ишке ашырып, өнүгө беришибиз керек-деди Жээнбеков.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *