Сооронбай Жээнбеков Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушту

 

Мезгил

  Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда, Жалал-Абад облусуна эки күндүк иш сапарынын алкагында Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу президнттин маалымат кызматы билдирди. 

Мамлекет башчысы өз сөзүндө президенттикке талапкер кезинде бир катар убадалардын катарында аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу убадасын бергенин эске салды.

«Региондорду өнүктүрүү зарылдыгы элет жеринде жашаган адамдардын жашоо турмушун жакшыртуу, жаӊы жумуш орундарын түзүү, элди иш менен камсыз кылуу аркылуу миграциянын агымын токтотуу зарылдыгынан келип чыкты. Буга чейин мамлекеттин экономикалык саясаты аймактарды өнүктүрүүгө жөндөмсүз болуп келди. Бюджет, салык, акча, кредит саясаттары региондордун өзгөчөлүгүн эске алган жок. Ошонун айынан ички миграция күчөдү. Ошол үчүн кайра-кайра регион деп айтып, бул маселеге өзгөчө көңүл буруп жатам», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *