Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

 Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-октябрда, Россиянын   президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

«Сиздин акылдуу жана көп тармактуу саясатыңыз, алысты көрө билүүчүлүк жогорку даражаңыз жана масштабдуу коюлган милдеттер, Россиянын ар тараптуу өнүктүрүүгө жана гүлдөп өсүүсүнө багытталгандыгы, россия элинин жана жалпы дүйнөлүк коомчулуктун сый-урматына жана жогорку ишенимине татыктуу. Сиздин жеке көңүл бурууңуз жана конструктивдүү колдооңуз менен кыргыз-орус кызматташтыгы өнүгүп, өлкөлөр ортосундагы мамилелер жаңы сапаттуу деңгээлге чыкты. 

Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын көп кылымдык достук жана бирдиктүү тарыхы мындан ары союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүк ортосун бекемдөө үчүн негиз катары кызмат кыларына терең ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге бекем ден соолук, жакшылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *