Сооронбай Жээнбеков Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты

  Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда, Японияга иш сапарынын алкагында Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Такка отургузуу аземи Токио шаарындагы Император сарайында болуп өттү, анын жүрүшүндө Нарухито сарайдын башкы залында императордук такка отурду, императордук наамы жана кызмат кылууга антын расмий кабыл алуу жарыяланды. 

Иш чарага мамлекеттер башчылары, түрдүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү катышты.

Японияда белгилешкендей,  бул иш чара  Япониядагы императорду такка отургузуу эң ири аземи болду.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *