Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга учуп кетти

 Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарына (Өзбекстан) Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун күн тартибине саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү маселелери киргизилген.

Экинчи консультативдик жолугушуунун алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуусу болот.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, экономика министри Санжар Муканбетов, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов бар.

Эске салсак, Биринчи консультативдик жолугушуу 2018-жылдын 15-мартында Нур-Султан шаарында (Казакстан) өткөн.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *