Сот: Бишкек жылуулук борборун жаңылоо 150 млн долларга бааланган

Мезгил

Бишкек жылуулук борборун жаңылоонун (ЖЭБ) баасы 150 млн АКШ доллары деп бааланган. Бул тууралуу мамлекеттик айыптоочу билдирди. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда  Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө.

Отурумда тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Мамлекеттик айыптоочу, президенттин жарлыгы менен 2013-жылы өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынганын, анда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору көрсөтүлүп, ишке ашыруу мөөнөтү 2014-2017-жжылдарга белгиленип, баасы 150 млн АКШ доллары деп бааланган. Бул чыгымдар негиздүү болгон.

Мамлекеттик айыптоочунун Элмира Жумашеванын айтуусунда, өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында долбоордун катышуучулары подрядчик “Электр станциялары” ААКсы экендиги айтылып, президенттин аппараты катышып жаткандыгы тууралуу көрсөтүлгөн эмес.

Ошондой эле мамлекеттик айыптоочу башкы айыпталуучу, тергөөнүн далилдерин келтирип, мурдагы премьер-министр Сапар Исакового тагылган айыпты окуду.

Мунун алдында башка бир айыпталуучу, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өзүнө коюлган айыптарды төгүндөп, ойдон чыгарылган күнөө тагуудан оолак болууга чакырды.

Эске салсак, Кытайдын “Эксимбанкынан” 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашуу парламенттин тиешелүү комитеттеринин айрым эскертүүлөрү менен 2013-жылы 11-сентябрда бекитилген. Ошол кездеги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ал макулдашууну колдоп буйрук чыгарып, финансы министри Ольга Лавровага кыргыз тараптан насыя макулдашуусуна кол койгонго ыйгарым укук берген.

Кытайдын “Эксимбанкы” 386 миллион доллар насыяны 2 пайыздык жеңилдетилген шартта, 20 жылга Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоого берген болчу.

Ал эми серепчилердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

БИШКЕК ЖЭБ: Сапар Исаков “күткөн” Асанов менен Хафизовду сот отурумуна алып келишеби?

Мындан улам, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *