Сот депутат Жумалиевге активист Жапыкеевди 10 миң сом кенемте төлөөгө милдеттендирди

    Мезгил

Баш калаанын Ленин райондук сотунда бүгүн 6-августта Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин активист Сыймык Жапыкеевге карата жазган арызы боюнча чечим чыкты. Мындай маалыматты эл өкүлүнүн жактоочусу Бактыбек Жумашев маалымат сайттарга билдирди.

Аталган маалыматта Ленин райондук сотунун чечими менен Жумалиевдин Жапыкеевге карата берген доо арызы жарым-жартылай канааттандырылганы, Жапыкеевден 10 миң сом компенсация өндүрүп алуу тууралуу чечим чыкканы айтылат.

Эсиңерде болсо, эл өкүлү Кубанычбек Жумалиев «ар-намысыма шек келтирди» деген негизде активист Сыймык Жапыкеевди сотко берип, андан 10 миллион сом өндүрүүнү өтүнгөн.

Мындан тышкары, Ички иштер министрлиги Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча «Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык» деген берене менен, ал эми каржы полициясы Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү жүргүзүп жатканы бизге маалым.

Жапыкеев жакында Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөн жол менен байыган деп айыптаган. Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, мүлкүн текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн. Жумалиев «мамлекеттик кызматта иштеп турганда коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, байлыгымды адал жол менен тапкам» деп жооп кайтарган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *