Сот: Прокурорлор мурдагы жетекчисине 15 жыл жаза сурады

Мезгил

Биринчи Май райондук сотунда каралып жаткан “Батукаев иши” боюнча соттук териштирүү тараптардын жарыш сөз айтуу жараянына келип жетти. 16-июндагы отурумда мамлекеттик айыптоочу мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны 15 жылга эркинен ажыратууну, мамлекеттик сыйлыктарын жокко чыгарууну, үй мүлкүн мамлекетке чегерүүнү соттон суранды. Бул тууралуу сотко катышкан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев маалымат каражаттарына маалымдады. Анын айтымында, Жолдубаеванын жактоочусу Алия Турумбекова жарыш сөздө айыптоолор менен макул эмес экенин билдирген.

Мамлекеттик айыптоочу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди 13 жылга эркинен ажыратып, полковник чинин жокко чыгарууну жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановду 13 жылга эркинен ажыратып, үй мүлкүн мамлекетке чегерүүнү соттон сурады.

16-июндагы соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратууну соттон сураганы белгилүү болгон. Кийинки соттук жараян 18-июнга белгиленди.

Айып коюлган 19 кишиден тергөө менен кызматташкан бешөөнүн иши өзүнчө тергелүүдө.

Ошентип, чырактай кезинде Атамбаевдин командасында иштей коюп, өлкөдөгү адилетсиз жагдайларга көз жумуп келген Индира Жолдубаеваны оор тагдыр күтүүдө. Мындайды кыргыз “зордун түбү кор” деп келген. Убагында адам тагдыры үчүн Атамбаевди карап кылчактабай, адилеттүүлүккө ыктаганда мынчалык болбойт эле да, туурабы? Кыйын эле болуп калды го кызга.   

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *