Сот: Тарых музейинин кызматкерлерине президенттин аппараты тарабынан кысым көрсөтүлгөн

Мезгил

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын реконструкциялоо иши боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө.

Тарых музейинин кызматкерлерине жетекчилик тарабынан катуу кысым көрсөтүлүп келген. Ошондой эле көрсөтмөлөр президенттин аппаратынан да берилген учурлар болгон. Бул тууралуу Тарых музейинин кызматкери Нурхат Иманкулова сотто  сурак берип жатып билдирди.

-Мен экспозицияларды жана башкаларды сактоого жоопкерчиликтүү болчумун. Бирок, чакырылган немис адистери менин макамыма карабастан менден витриналардын ачкычын алып алышкан. Алар биздин, тарых музейинин кызматкерлеринин пикирин эске алмак тургай, угушкан да эмес. Мисалы, төртүнчү кабаттагы кафетерий тууралуу да айтканбыз. Мен гана эмес, көптөр кафетерийди экспозициянын жанына ачууга болбойт, жыты сиңип калат деп канча жолу айттык. Бизди эч ким уккан жок,-деди Иманкулова.

Иманкулова музейди ондоп-түзөө иштери президенттин ант берүү аземине чейин бүтүшү керектиги айтылып, 2013-жылы президент жактыргандан кийин, президенттин аппаратынан оңдоо тууралуу тапшырма берилгенин кошумчалайт. Анын айтымында азыркыга чейин бүтпѳй турган музейдин оңдоо-түзѳѳ иштерин немис адистери аткарышы керек.

Эске салсак, Башкы прокуратура мекемени оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирип, мурдагы ѳкмѳт башчы Сапар Исаковго айып койгон. Бирок ал, бул маалыматтарды төгүндөп, музей боюнча кылмыш иши саясий негизде козголгон деген пикирин айтып келет.

Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Жазык кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде  Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Мира Карыбаева, Улукбек Матисаков, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеевге айып коюлган. Исаков менен Карыбаевадан башкасы тергөө менен кызматташууга макул болгон үчүн алардын иштери бөлөк каралууда.

2016-жылдагы эки тараптуу макулдашуунун негизинде Түркиянын ТИКА уюму Бишкектеги мамлекеттик тарых музейин оңдоону өзүнө алып, ага 15 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат караган.

Сапар Исаков президенттик аппаратты жетектеп турганда музейди оңдоону 2017-жылдын 31-августуна чейин бүтүрүүнү талап кылгандан улам, Түркия тарап жумушту улантуудан баш тартканы тергөөдө аныкталган. Буга байланыштуу мамлекеттик бюджеттен бир жарым миллиард сомдон ашуун кошумча каражат сарпталган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *