Социалдык өнүгүү министрлигинде кайрадан чыр: Жөлөк пулга бөлүнгөн акчага унаалар алынганбы?

Мезгил

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде кезектеги мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу башкы прокуратура маалымдайт.

Маалым болгондой, жөлөк пулдарды берүүдөн үнөмдөлгөн акчага унаалар сатылып алынды деген маалыматты Башкы прокуратура текшерди.

Жыйынтыгында Социалдык өнүгүү министрлиги чынында Каржы министрлигине кайрылып, 2018-жылкы чыгымдарга түзөтүүлөрдү киргизүүнү суранганы тастыкталды.

Мындай нерсе, жөлөк пулдарды берүүдөн акча үнөмдөлүп жана аларды башка муктаждыктарга жумшоо максаты менен негизделген.

Мыйзам боюнча, жөлөк пулдар жана айлыктар бюджеттин корголгон беренесине кирет, демек кыскартууга жатпайт.

 Башкы прокуратура  министрликке эскертүү жөнөттү.

Эске салсак, буга чейин аталган министрликте мыйзамсыз иштер аныкталып дээрлик кызматкерлердин баардыгы кызматтан бошотулган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

One Comment on “Социалдык өнүгүү министрлигинде кайрадан чыр: Жөлөк пулга бөлүнгөн акчага унаалар алынганбы?”

  1. 1чи группадагы 2000сом алган инвалиддерге, кандай жардам берилет, анткени алар таптакыр иштей албагандыгынан, алган жолок пулу жашоо турмушуна жетпейт, ичкен тамагы, даары дармеги, коммуналдык толомдор, кийим кечесине алган 2000сом жолок пулу, ааламдагы бир тамчы суудай эле болуп калат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *