Спикер Талант Мамытов Ак үйдүн тосмосун алып салууну сунуштады

  Мезгил

    Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Ак үйдүн тосмосун алып салуу керектигин айтты.

 «Бизди ал тосмо сактап калган жок. Сактабайт дагы. Кечээ күнү Садыр Жапаров менен сүйлөшкөндө, ал Ак үйдүн тосмосун алып салуу керектигин айтты. Мен ал пикирди колдойм. Ачык-айкын, элге жакын болуп иштесек, эч кандай толкундоолор болбойт», — деди Мамытов.

  Мамытов  Ак үйдүн имаратын оңдоо иштерин бүгүн баштай турганын айтты.

Мындан тышкары, учурда эл өкүлдөрү мыйзам долбоорлорун кабыл алууда кыйынчылыктарга туш болгонун айтып, алардын иштешине тез арада шарт түзүлүшү керектигин өтүндү.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *