Спорт агенттигин убактылуу Мирлан Парханов жетектейт

  Мезгил

Өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун кызматтык ыйгарым укуктарын убактылуу  Парханов Мирлан Абдивалиев аткарат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

 Тийиштүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.  

Мирлан Парханов аталган агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеп жаткан.

Мындан мурда “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесине 

ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Аманкулов Канат Маратовичтин кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин токтотулган.

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *