Спорт ордосунун оңдоо иштери аяктады. Бирок, отургучтардагы жазуу талкуу жаратты

Мезгил

Эки айдан ашуун убакыттан бери оңдолуп  түзөлүп жаткан Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосун оңдоо иштери жыйынтыкталды.

Бирок, андагы отургучтарда спорт ордосун оңдоо иштерине демөөрчүлүк  кылган «Elite House» курулуш компаниясынын логотиби түшүрүлгөнү коомчулуктун нааразычылыгын жаратты. Айрымдары аталган курулуш компаниянын атын жазганга караганда кыргыздын оймо-чиймелерин түшүрсө болмок деп сындашууда.  

Белгилей кетсек, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосу жалпысынан 2200 орундуу.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *