Спорттун легендасы Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган мелдеш өтөт

Мезгил

Бүгүн саат 17:30да Кожомкул атындагы спорт ордосунда оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку, Европанын жана Советтер союзунун 2 жолку жеңүүчүсү өз доорунда олимпиадалык рекордду жаңырткан – Каныбек Осмоналиевден байгесине арналган XXXII турнирдин ачылыш аземи болот.

Турнирге  Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан спортчулар катышат. Ал эми спортчулардын салмак категориялары төмөнкүдөй:

Айымдар — 45 кг., 49 кг., 55 кг., 59 кг., 64 кг., 71 кг., 76 кг., 81 кг., 87 кг., +87 кг.;

Эркектер — 55 кг., 61 кг., 67 кг., 73 кг., 81 кг., 89 кг., 96 кг., 102 кг., 109 кг., +109 кг.

Кыргыз оор атлетика тарыхында дегеле жалпы дүйнөлүк тарых беттеринде Каныбек Осмоналиев деген ысым өзгөчө орунда турат. Анын кыргыз спортуна кошкон салымы нар көтөргүс баага татыйт. Оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку, Европанын жана Советтер союзунун 2 жолку жеңүүчүсү өз доорунда олимпиадалык рекордду жаңырткан – Каныбек Осмоналиевден кийин узак убакытка чейин спорттун бул тармагында мындай жетишкендикти эч ким жарата алган жок.

Легендарлуу инсан, СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер,  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси,  дүйнө рекордчусу, мамлекеттик ишмер,  кыргыз өңүн дүйнөгө дүңгүрөткөн таланттуу спортчу Каныбек Осмоналиев быйыл 66 жашка толот.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *