Стамбулда 8 кабаттуу турак-жай урап калды

Стамбулда 8 кабаттуу турак-жай урады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

 Анда айтылгандай,  каргашалуу окуя кечээ күндүз болду. Учурга карата 2 адамдын өлүмү тууралуу маалымат тастыкталды.

Имараттагы 14 батирде     43 киши жашачу. Учурда издөө, куткаруу иштери жүрүп жатат.

Үй ураганда жанынан өтүп бараткандар дагы жеңил жаракат алышкан. Стамбул шаарынын жетекчилиги ураган имараттын үч кабаты өзүм билемдик менен салынганын билдирип, алдын ала маалымат боюнча жер төлөдөгү ательенин тийиштүү уруксат кагаздары болбогонун маалымдады.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *