Статистика боюнча 750 миң мигрант мекендештерибиз бар

Мезгил

“Статистика боюнча 750 миң мигрант мекендештерибиз бар. Алардын 630 миңи Россия Федерациясынын аймагында эмгектенишет. Жыл сайын өлкө казынасына 2,5 млрд сомдон ашуун акча которушат. Бул экономиканы колдоого болгон чоң салым”. Мындай пикирин тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев билдирди.

Чет жерде мигрант болуп жүргөн мекендештерибиз көз жумганда сөөктү Кыргызстанга алып келүүгө кыргыз диаспоралары чоң көмөк көрсөтүүдө. Каза болгон маркумдун жакындары мамлекеттен 50 миң сом компенсация ала алышат, – дейт ал. 

Бишкек шаарында чет жакка кетип жаткан мигранттарга тил үйрөтүп, багыт берип коопсуздугун көзөмөлдөгөн  Миграция кызматынын алдында жарандарды башка мамлекетке ишке орноштуруу кызматы бар. Алар азыр Корея мамлекети менен тыгыз иш алып барууда.

Мигранттарыбыз көп эмгектенген жерлерде, ардактуу  консулдуктарды ачуу боюнча азыр иш – аракеттер жүрүп жаткандыгы да адистин маалыматтарынан улам белгилүү болду.

Имангазиев жакында кабыл алынган мыйзамга ылайык, эми мекендештерибиз чет жерлерде да өз пенсиясын ала алышат. Азырынча бул келишим Түркия мамлекети менен түзүлдү. Мигранттардын коопсуздугун, иштөө шарттарын жакшыртуу үчүн баардык аракеттер жасалаарын кошумчалады.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *