Строкова С гепатитине каршы эмдөөдө дүйнөдө жок вакцинаны Хашим Зайналиевден алабы?

Мезгил

Бүгүн парламентте депутат айым Евгения Строкованын күнү окшойт. Биз анын КУУну “дезинфекциялап”, анын ректоратын жумуштан кетирип, медициналык факультет ачууга тыюу салуу боюнча баштапкы класстын мугалиминин деңгээлиндеги пикирлерин талкуулап, оозубузду жыя элегибизде Строкованын жаңы “икаясы” пайда болду.

Анда депутат айым КУУну “талкалаган” күүсү менен Саламаттык сактоо министрлигине тиш кагыптыр. Ал министрликтен С гепатити боюнча орулуулар тууралу сурайт. Анан Саламаттык сактоо министрлиги билдирген маалыматка канаатанбай, өлкөдөгү абал мыдан оор экендигин айтат. “Көйгөй оруунун акыркы стадиялары ракка өтүп кетүү учурунда байкалып жаткандыгы. Бирок анын алдын алуунун эффективдүү жолу – вакцинация бар. Албетте дарылоо акылуу болот. Бирок келечекте биз дарылоого көп каражат кетип калуунун алдын ала алабыз. Силерди туздагым келбейт. Балким кымбат баалуу жолтандабасыңарды сатып, бул вакциналарды сатып аларсыңар” – деп өтүнгөн Строкова.

Коомчулукта Саламаттыкты сактоо министрлигине Эл аралык уюмдар аркылуу белекке берилген жол тандабастар тууралуу кесикн сындар айтылып келет. Эл аралык уюмдар сатып берген 2 жол тандабасты министрлик сатууга укугу жок экендигин баштапкы класстын мугалими болгон депутат айым билбейт окшойт.

Ал эми С гепатитине каршы вакцина дүйнөдө жок экендиги тууралуу “Кактус Медиа” сайтынын журналисттери жазып чыгышты. Алар  “Вирустук инфекцияларды контролдоо боюнча Республикалык илимий-практикалык борбордун” директору Зуридин Нурматовго кайрылган учурда “Мындай вакцина дүйнөдө жок. В гепатитине каршы гана вакциналар бар”– деген жоопту алышкан. Балким башталгыч класстарга гана сабак өтүп жүргөн депутат Евгения Строкова В менен С тамгаларын алмаштырып алгандыр.

Деги эле депутат айым дүйнөдө жок вакцина менен орулууларды дарылаш керек деп уят болду окшойт. Же Строкованын биз билбеген чындыгы барбы? Балким ал вакциналар Кыргызстанга кайрылып келген табып Хашим Зайналиевден табылып жүрбөсүн?

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *