Субихи Пархати тууралуу маалымат

Мезгил

Атамбаев жеке кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн керек болсо шайтан менен да сүйлөшүүгө барган. Анын тегерегиндеги өзүнүн гана тилин уккан, чийинди аттабаган жансакчы, шофёр, катчы, таразачы, мородёрлор тууралуу буга чейин айтылып келген. Бир гана булар эмес Атамбаев чөнтөгүндө сокур тыйыны жок, аты-жыты белгисиз чет элдик, мурдун араң тарткан «чилиштер» менен да бизнес-шерик боло калган.

Субихи Пархати 1991-жылы туулган. Бул «молокой» 2017-жылы «Форум» фирмасына өнөктөш болуп, «долларга мультимиллионермин» деп мактанып жүргөн Атамбаевге тең ата болуп чыга келет.

Бул 26 жаштагы жигит менен Алмазбек Шаршенович кайдан таанышып, аны менен эмне себептен чогуу бизнес түзгөн? Субихи Пархатинин тегин изилдей турган болсок ал Кара-Балтада туулган кыргызстандык уйгур болуп чыкты. Ошондой эле интернет булактарынан ал кайсы бир убакта Россияда окуп, дагы бир убакта Казакстандын Астраханька айылында жашап тургандыгы боюнча маалыматтарды табууга болот. Айрым бир маалымат булактары  боюнча Субихи Пархатинин атасы анын апасын өлтүрүп алып, Казакстанга качып кеткен. Ал жакта Алижан Ибрагимов деген уйгур тектүү олигархтын колунда иштеп, кийин баласы менен элдешип, олигархтын чоң жумуштарына аралаштырган деп жазып келишет. Ал эми Субихи Пархатинин бала кезинде кытайдагы туугандарында өсүп-чоңойгон дешет.

Субухи Пархати Алижан Ибрагимовдун “кол баласы” болгон. Анын Атамбаевдин бизнес-өнөктөшү болуп чыга келгендигин Алижан Ибрагимовдун атынан аракет жасоо деп болжоого болот. Анткени бул олигарх Атамбаев менен чоң долбоорлор боюнча иш баштайт да (Кыргызстандагы балуу кендерди казуу, Шабыркүл көмүрүн ЖЭБке жеткирүү), Атамбаевдин акча каражаты аз болуп калган учурда “Форум” сыяктуу ишканасынын жарымына Пархатини өнөк катары киргизип, “кесип” алат. Учурда Субухи Пархатини Атамбаевдин иши боюнча күбө катары кармап, бей уруксат сыртка чыкпоо тууралуу кол кат алып, коё беришти.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *