Сулайманов: Добушуңарды кымбаттаткыла. Жок дегенде 10-20 миң сомго саткыла

Мезгил

Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов жарандарды добушун кымбат сатышына чакырды. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин  “Парламентаризм сабактары” берүүсүнө маек беорип жатып билдирди.  

-Мен минтип айтат элем, добушуңарды миң сомго эмес, жок дегенде кымбатыраак сатыш керек да. 10-20 миң сом кылыш керек. 10-20миң сомго добушун сатса, ал чогулуп келип бүгүнкү күндө миң эки миң сомго сатып атпайбы он эсе кымбат болот. Эгер кымбат сатса. автоматтык түрдө 300 миңдик мандат 3 миллион долларга айланат.  Ошентип эл олигархтарды жазалайт. 3 миллион долларга мандат сатып алыш пайда келтирбей калат да. Ошондо гана акылдуу билимдүүлөр келмек” дейт депутат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *