Султан Раевдин кызматтык секирик жасашы күтүлүүдө

    Мезгил

Айтылуу Султан палван болбурап жүргөнү менен кай бийлик болбосун кызматтык бактыдан куру болбогон жайы бар. Бүгүн да ажонун айланасына кеңешчиликти аркалап жүрөт. Эгемендүүлүктү алгандан берки 5 президент менен түз иштешип, бул жагынан “чеберчиликке ээ” болгон сапатын белгилеп коюшубуз керек.

Залкар калемгер жакынкы күндөрү Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин баш катчысынын орун басарлыгына (бул орунду 2013-2015-жылдары кадимки Адахан Мадумаров аркалап турган) орун которо тургандыгы каңкууланды. Оомат берип койсо бара берет деңизчи. Башкысы, Сукебиз бул орундан эми үлкөн маянасына топук кылып отура бербей, өлкөбүз үчүн олжолуу иштерди аркалап, ийгилик алып келсе болгону. 

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *