Султанбеков Башкы прокуратура менен президенттин аппаратын кошо сотко бермей болду

   Мезгил

Бул тууралуу Темирлан Султанбеков өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасында маалымат калтырган. Анын айтымында президенттин иниси, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбековдун үстүнөн 21-октябрда Башкы прокуратурага арыз жазган эле. Арыздануунун себеби Асылбек Жээнбеков Бишкек ЖЭБи тууралуу келишимди ратификациялоонун башында турган деген күнөө коюу болгон. Султанбековдун пикиринде бул мыйзам артка кайтарылып алынган эмес жана бүгүнкү күндө да иштеп жатат.

Темирлан Султанбеков ушундай эле арыз менен 22-октябрда Аскер прокуратурасына кайрылган. Ал жерде сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Бирок анын Башкы прокуратура менен кошо президенттик аппаратты сотко берсемби деген ою кызык болуп турат. Ал эми Бишкек ЖЭБи боюнча келишимди ратификациялоо иши боюнча коллективдүү чечим кабыл алгандыгы үчүн президенттин инисинин күнөөсү канчалык экен? Же ал ЖЭБге бөлүнөн акча каражаттарын каржылоодо кызмат абалынан пайдаланган деген айып менен абакта жооп берип жаткандардын ишине көмөк берди беле? Ал эми келишимди Жээнбеков жалгыз кабыл алып, сүрөгөн эмес болсо керек эле. Сотко берүүнүн максаты канчалык негиз табар экен?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *