Султангазиев: Бишкектеги базарлардан  бир убакта  ВИЧ оорусуна кабылган адамдар табылганы биз үчүн  таң калыштуу болду

Мезгил

“Бишкектеги базарлардан   бир убакта  ВИЧ оорусуна  кабылган адамдар табылганы биз үчүн  таң калыштуу  болду”-дейт  “Партнердук сеть” ассоциясынын директору Айбар Султангазиев. 

  Анын айтымында, бул акцияны “Республикалык СПИД центри” өткөргөн. Аларга  бардык өкмөткө карабаган уюмдар көмөк көрсөтүшкөн. 

Тестирлөөдөн бардыгы болуп 284  адам өтсө,  алардын ичинен 1,8% ВИЧ оорусун алып жүргөндөр болуп чыккан. Бул тестирлөөгө көбүнчө 20 жаштан баштап 40 жашка чейинки эркектер катышты.

Эске салсак, буга чейин Бишкектин Аламедин, Ош жана Орто-Сай үч чоң базарында ВИЧке карата адамдар өз каалоолору менен текшерүүдөн өткөн.   4 сааттын ичинде тестирлөөдөн 300 киши өтүп, бешөөнүн анализи ВИЧ болуп чыккан.

Айбар Султангазиевдин айтымында, мындай көрсөткүч кыргызстандыктар үчүн коркунучтуу белги.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *