Сурабалдиева: Болочок депутаттардын “мамой клянусь” деп ант берген видеолоруна күбө болосуздар

   Мезгил

   Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева күзгү шайлоого катышаарын фейсбуктагы баракчасына жазды. Бирок депутат айым кайсы партия менен бараарын  ачыктаган эмес. Ал беш жылда элге жакшы таанылып калганын жана ишин мындан да ары уланта берээрин айтат.  

-Эки жумадай калды, сураныч- чыдап туруңуздарчы. Ким кайсы партияга, ким менен, эмне себептен барганы жарыяланып, ачыкка чыгат. Съезддерде кандидаттардын тизмедеги катары билинип, партия ичинде бир сыйра ызы-чуу болот. Андан кийин, октябрда, добуш алып/албагандардын ортосундагы концерттер, болочок депутаттардын “мамой клянусь” деп ант берген видеолоруна күбө болосуздар.

Шайлоого барайынбы, 15 партиядан сунуш түштү деп фейсбуктан пост чыгарып, жоопкерчиликти бирөөгө оодаргандай адам эмесмин. Ооба, күзгү шайлоого катышамын. Беш жылда жакшы таанып, билип деле калгансыздар – өзгөрүлбөй, эл өкүлү катары ишимди улантып кете беремин-дейт Сурабалдиева.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *