Сурагыла жооп беребиз: Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алуу үчүн өз учурунда кайрылбагандарга айып салынбайт

Мезгил

Короновирустун кесепетинен балама туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жатабыз. Убагында күбөлүк албаса айып пул төлөйт деп угуп жатабыз. Мындай учурда эмне кылсак болот?

Зуура Мамбетова, Ош шаары.

Мамлекеттик каттоо кызматы: Ата-энелер көрсөтүлгөн мөөнөттө төрөлгөн баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн айып пул төлөбөстөн кийинчерээк алууга болорун билдирет. 

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, коронавирустук инфекциянын таралышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын отурумунун 2020-жылдын 27-мартындагы № 8 протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, 2020-жылдын 22-мартынан 22-апрелине чейин төрөлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоонун мөөнөтүн бузгандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу жөнүндө Кодекстин 275-беренесинде каралган айыппулдар жана эскертүүлөр колдонулбашы боюнча чечим кабыл алган. Бул чечим республика боюнча колдонулат.

-Ата-энелер көрсөтүлгөн мөөнөттө төрөлгөн баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн айып пул төлөбөстөн кийинчерээк алса болот.

Коронавирустук инфекциялардын жана оорунун жайылышына жол бербөө үчүн өтө зарыл болбосо калкты тейлөө борборлоруна жана аймактык жарандык абалдын актыларын каттоо органдарына баруудан убактылуу баш тартууңуздарды суранабыз. Биз түшүнүү менен кабыл алууңуздарга ишенебиз жана чыдамдуу болууну суранабыз-деп билдирет басма сөз кызматы

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *