Сурагыла, жооп беребиз. Бруцеллез оорусу кантип байкалат?

Мезгил

Бруцеллез оорусу кантип байкалат?

Нарын облусунда бруцеллез менен ооругандар жыл сайын көбөйүп баратат. Бул ооруга чоң кишилер турсун, жаш балдар да чалдыгууда. Бруцеллез менен ооруган жаш жигиттер, кыздар кийин балалуу болбой калышат экен деп угабыз. Мунун чындыгы канчалык жана бруцеллез оорусу кантип башталат? Садык Байгелдиев

– Оору температуранын абдан жогорулашы, чыйрыгуу, тер басуу, кыжырдануу, муундар жана булчуңдардын оорусу менен башталат. Бул белгилер байкалса убакыт өткөрбөй врачка кайрылуу зарыл. Анткени, толук айыгып кетүү үчүн дарылануунун үч курсунан өтүү керек.

Бруцеллез малдан жугат. Андыктан, короодогу башка таза малдарга жана өзүңүздөргө оору жугуп калбас үчүн, малыңарды бруцеллезго текшерүүдөн өткөзүү туура болот.

Эгерде оорулуу адам дарыланбаса, оору андан ары өтүшүп, арка-бел жана чоң муундар өнөкөт ооруга айлана баштайт. Муундар катып, басуу, кадимки эле жумуштарды аткаруу кыйындайт. Жүрө-жүрө киши майып болуп калат. Көпчүлүк убакта жыныстык система бузулуп, бойдон түшүп калууга, эркек жана аялды тукумсуздукка дуушар кылат.

Ошондуктан, балалуу болбой калуу коркунучу бар. Демек, бруцеллездун кесепет оорусуна чалдыкпас үчүн өз убагында дарыланууга кеңеш беребиз.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *