Сурагыла, жооп беребиз: Эркекке эрте берилүү зыянбы?

Мезгил

Окурмандарыбыздын суроолорунун негизинде “Сурагыла, жооп беребиз” аттуу рубрикабызды ачтык. Эгерде сиз кандайдыр бир суроолорго жооп таппай кыйналып жатсаңыз анда бизге кат аркылуу кайрылсаңыз болот. Кесипкөй адистерден сиздин сурооңузга жооп берет.  Электрондук дарегибиз: newsmezgil@gmail.com

Рубрикабыздын бүгүнкү коногу дарыгер гинеколог Айзада Кемелова болмокчу.

Жатындагы түйүлдүк

Бойго жаңы бүткөн түйүлдүккө үч жума болгон кезде анын эң алгач жүрөгү пайда болуп, сого баштайт жана кан айлануусу өз алдынча жүрөт. Ал эми алты жума болгондо (бир жарым ай) түйүлдүктөгү баланын мээси иштей баштайт. Тогуз жума (эки жарым ай) болгондо колу-буту билинип калат. Он эки жума ( үч жарым ай) болгон кезде курсактын сыртындагы баардык нерселерди, ошону менен катар ооруну да сезе баштайт. Курсактагы түйүлдүктү аборт жасатып, алдырып жаткан учурда УЗИнин жардамы менен медиктер видеозапись кылышкан.

Медициналык инструменттен түйүлдүктүн коркуп, ооруну сезип, качканы ачык көрүнгөн. Демек, курсактагы түйүлдүк канчалык кичинекей болсо да аборт учурунда жашоо үчүн күрөшүп, өлүмгө дуушар кыла турган медициналык аппараттардан качат. Ал эми он сегиз жума (төрт жарым ай) болгон кезде курсактагы түйүлдүк балага толугу менен окшошуп, колу-буту, башы жана башка мүчөлөрү жаралып калат. Ошондуктан курсактагы баланы бойдон алдыруудан мурун, анын да бул жарыкчылыкка төрөлүп, жашагысы келээрин эстен чыгарбасак, энелер!

Аборттун зыяны

Бойдон алдыруу аялдардын денсоолугуна бир топ зыян алып келет. Биринчи баласын боюнан алдырып салган аялдардын көпчүлүгү тукумсуздукка кабылып, эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашат. Албетте, кээ бир аялдар аборттон кийин жакшылап дарыланып, денсоолугуна карашса экинчи баласын деле төрөй беришет. Кээ бир төрөгөн аялдар деле улам-улам бойдон алдырганды өнөкөткө айландырып алышкан. Бул жатынга зыян келтирип, жаман ооруларга чалдыгууга мүмкүндүк түзөт.

Аял канча жашта балалуу болууга даяр?

Аялдар 21 жаштан 35 жашка чейин балалуу болсо, денсоолугу чың наристелер төрөлүшөт. Бул учурда аялдын жашы балалуу болууга даяр болуп, төрөтү да жеңил болот. Ал эми 35 жаштан ашып кеткен аялдын да, наристенин да денсоолугу начар болуп калат. Улам жаш өткөн сайын төрөтү оор болот. Ар бир төрөлгөн баланын ортосундагы аралык үч-төрт жыл болушу керек. Удаа-удаа, жыл сайын эле төрөлө берген балдардын да, энесинин да денсоолугу бузулат. Ошондуктан медицинада балалуу болууну пландоо сунушталган.

Климакс канча жаштан башталышы керек?

Негизи, климакс аялдарда кырк беш жаштан өтүп калган кезде болушу күтүлөт. Бирок, эрте, отуз жаштын тегерегинде деле климакс болуп калган аялдар кездешет. Климакс көбүнчө тукум куучулукка жараша да болот. Аялдын энесинин климаксы канча жашта башталса, ал тукум кууп, кызы да ошол жаштан климакска кабылышы мүмкүн.

Андан тышкары, эркектер менен жыныстык катнашта регулярдуу жашабаган аялдардын климаксы эрте башталат. Ал эми регулярдуу сексуалдуу жашоодо жүргөн аялдардын климаксы кечирээк жана анча оор болбой өтүп кетет. Климакс болгон аялдардын сексуалдуу потенциялы сакталып кала берет.

Эркекке эрте берилген кыздар

Биринчиден, жаш кыздар жыныстык катнаш тууралуу сабатсыз болгондуктан, ар кандай ооруларга чалдыгышат. Өз убагында дарыланбай, көпчүлүгү төрөбөй калышат. Ал эми ар кандай эркектер менен кошулган көчөдө турган сойкулардын жатындары жабыркап, көпчүлүк учурда сезгенип, эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашат. Жатын ылдый түшүп, бүктөлүп (загиб) калгандар да көп кездешет.

Ал да төрөө мүмкүнчүлүгүнө коркунуч келтирет. Азыркы учурда студент кыздар турмушка чыкпай туруп эле сексуалдык жашоону баштай беришет. Бул учурда алар бойго бүтүрбөөчү каражаттарды кандай колдонсо болоорун, ар кандай ооруларды жуктурбоо тууралуу гинекологдордон кеңеш алып тургандары оң.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *