Сурагыла, жооп беребиз: Көз тунарды дегиче

Мезгил

Окурмандарыбыздын суроолоруна республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери жооп беришет.

Көз тунарды дегиче

Көзүмдүн көрүүсү начарлаганынан ооруканага барсам айылдык догдурлар “Сиздин көзүңүздүн оорусу катаракт”, – деп жатышат. Катаракттын алдын-алууга болобу, аны дарылоонун жолдору кандай? Айжан Асылбекова

– Катаракт оорусунун ар кандай түрлөрү бар. Карыган учурда организмде болгон өзгөрүүлөрдөн улам же жаракат алганда, зат алмашуу бузулганда, кант диабети, айрым тукум куучулук ооруларда катаракт оорусу пайда болот. Бул оору башталганда көз тумандап, тунарып, жакынды, алысты көрбөй калат. Эгерде ушундай белгилерди байкап жатсаңыз сөзсүз көз догдурга кайрылыңыз. Көз тунарууну токтоткон жакшы витаминдер, америкалык, финдик, француздук жакшы дарылар бар. Ал эми мындай дарылоо натыйжа бербесе операция жасоого туура келет. Мындайча айтканда жарык нурунун көзгө өтүшүнө тоскоолдук жасап жаткан тунарган хрусталикти алып, ордуна жаңысын салыш керек.

Энелер, тамеки тартпагыла

Кош бойлуу кезде тамеки тартса балага кандай таасир берет? Балам майып болуп төрөлүп калбайбы? Жанара

– Албетте, терс таасир берет. Никотин кан тамырларды ичкертет, ал эми түйүлдүк эненин тамырлары аркылуу азык жана кислород алат. Демек, бала дайыма ачкачылыкта болуп, жакшы өспөй калат. Мындай балдар аз салмак менен төрөлөт. Никотин баланын тамырлары аркылуу киргендиктен, бала тамекини энеси менен кошо тартат. Ымыркайыңыздын ден соолугун ойлосоңуз, тамекини акырындап болсо да таштаңыз.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *