Сурагыла жооп беребиз: Сүйүнчү жана жөлөк пулду кантип алса болот?

Мезгил

Мыйзам боюнча жөлөк пулдун үч түрү каралган. Алар: “балага сүйүнчү”, “балага жөлөк” жана “үй-бүлөгө көмөк”.

Тактап айтканда  2018-жылдын биринчи январынан тарта күчүнө кирген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөк пулдары жөнүндө” мыйзам долбоорунун негизинде жаңы төрөлгөн бардык балдарга, ата-энесининин турмуш шартына карабастан бирдей суммада – 4000 сом сүйүнчү пул берилет. Сүйүнчү пулду  ата-энелер баласы бир жашка чыкканга чейин кайрылган убакта гана ала алышат.

Наристеӊиз үч жашка чыкканга чейин ай сайын -700 сомдон жөлөк пул ала аласыз. Бул сумма 700 сомдон ашык да, кем да болбойт. Ошондой эле жөлөк пул ымыркайдын ата-энесинин иштегенине же үйдө отурганына карабастан берилет. Жөлөк пулдун суммасын сиздин алыскы тоолуу  аймакта, же шаарда жашаганыӊыз өзгөртө албайт. Тактап айтканда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баардык жарандар бирдей суммада 700 сом өлчөмүндө мамлекет тарабынан жөлөк пул алат.

“Сүйүнчү жана жөлөк” пулду кимдер ала албайт?

-Балдар үйлөрүнө өткөрүп берилген наристеге гана мамлекет тарабынан сүйүнчү пул дагы, жөлөк пул дагы берилбейт.

Сүйүнчү пул качан берилет?

-“Балага сүйүнчү” – ымыркай төрөлгөндө бир жолу берилчү акча. Анын суммасы – 4 миң сомду түзөт. Сүйүнчү пулду 2018-жылдын 1-январынан баштап төрөлгөн балдар гана алат. Ошондой эле сүйүнчү пулду жаңы төрөлгөн бардык ымыркайлар, анын ичинде асырап алынган наристелер да алууга укуктуу. Асырап алынган балага сүйүнчү пул алуу үчүн өзүнүн балдарына керектүү болгон документтер сыяктуу эле арыз ээсинин паспорту, баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү жана жашаган жеринен маалымдама алып баруу керек.

Жөлөк пул

-“Балага жөлөк” – үч жашка чейинки ар бир баланы багууга мамлекет тарабынан берилүүчү көмөк. Анын суммасы  – 700 сомду түзөт. Жаңы мыйзамга ылайык үч жашка чейин төлөнө турган жөлөк пулду баласы үчкө чыга электер да ала алат. Болгону 1-январдан тарта тийиштүү документтерди социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнө өткөрүп коюу зарыл. Мисалы, эгер балаңыз эки жашта болсо, документтерди тапшыргандан кийин бир жыл бою ай сайын мамлекет тарабынан 700 сомдон жөлөк пул ала аласыз. Жогоруда аталган биринчи жана экинчи жөлөк пул жаш балдардын өнүгүшүн жакшыртууга багытталган. Мамлекет энеге (же атага) баланы кароо үчүн эмгек өргүу алууга мүмкүнчүлүк берет. Муну менен мамлекет үй-бүлө мүчөлөрүнүн жынысына карабай үйдө балдарды тарбиялоого жумшаган эмгегине кенемте төлөө милдетин өзүнө алат.

Ошондой эле интернационалдык үй-бүлөлөр жөлөк пулду жалпы негизги шарттар менен алышат. Жөлөк пул алуу үчүн Кыргызстанда жашаган жана жарандык алган чет элдиктер дагы кайрыла алышат. Эгерде 3 жашка чейинки бала Кыргызстандын жараны болсо, анда сүйүнчү пул Кыргызстандын башка жарандарынын балдарына берилгендей эле берилет.

Үй-бүлөгө көмөк

-“Үй-бүлөгө көмөк” – 3төн 16 жашка чейинки ар бир үчүнчү балага ай сайын берилчү жөлөк пул. Өлчөмү  500 сом. Жөлөк пулдун бул түрү 3 жаштан 16 жашка чейинки 3 же андан көп балалуу үй-бүлөлөргө, үй-бүлөнүн кирешесине карап эмес, андагы балдардын санына жараша ай сайын берилет.

Кандай документтер керек?

-Ата-энесинин паспорту (ажырашкан үй-бүлөдө баланы ким багып жатса ошонун паспорту талап кылынат);

  • Баланын күбөлүгү;
  • Жашаган жеринен справка.

-Эгер баланы асырап алсаӊыз мыйзамдуу түрдө багып алууга уруксат берген соттун чечими керек.

Сүйүнчү акча, жөлөк пулду кайдан алууга болот?

Тийиштүү документтерди өткөргөндөн кийин банктан же почтадан алынат. Мамлекеттик жөлөк пул үчүн жылына мамлекеттик казынадан 8 миллиард сом керектелет.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

One Comment on “Сурагыла жооп беребиз: Сүйүнчү жана жөлөк пулду кантип алса болот?”

  1. Саламатсыздарбы биздин уч балабыз бар эки жыл жолок пул алып быйыл документ тапшырсам жолдошунун наамында машина бар экен деп откорбой койду машина мурдратан эле бар кичине балам бирде

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *