Суракматовдун 11 эле батири бар

  Мезгил  

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдо 11 менчик батири бар. Бул тууралуу 2018-жылдагы өз декларациясында көрсөткөн. Алардын жалпы аянты 1 миң 293,5 чарчы метрди түзөт. Ошондой эле 83 чарчы метрди түзгөн дачасы, 15 сотыхтан турган 2 жер тилкеси жана «Лексус LX 570» автоунаасы да бардыгы көрсөтүлгөн. Бул жылда Суракматов 433 миң 79 сом киреше тапкан.

Суракматовдун жакындары 25 миллион 912 миң 511 сом киреше табышкан. Чыгашалары 822 миң сомду түзгөн. Ошондой эле 3 батири, 8 сотых жер тилкеси, “BMW” автоунаасы бардыгын көрсөтүлгөн.

Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп 2018-жылы 8-августта шайланган. Буга чейин ал курулуш бизнеси менен алектенип келген. Кийин курулуш компаниясынын бир туугандарына өткөрүп берген.  

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *