Суталинов: Мен дарыгер кесибин тандабаганыма өкүнөм

   Мезгил

Бүгүн, 7-майда  Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы, түрмөдө отурган Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу аны абактан бошотуу маселесин карап  аны сот залынан бошотту.

Суталинов сот мындай чечим чыгараарын күткөн эместигин айтты.

«Мени колдогондордун баарына ыраазычылык билдирем. Алардын саны абдан көп экенин билем. Жубайым дагы айткан. Мага колдоо көрсөткөн бардык адамдарга ыраазычылыгымды билдирем. Мен дарыгер кесибин тандабаганыма өкүнөм. Буга чейин өзүмдү жаман сезип жүргөм, азыр үмүт пайда болду», -деди Мурат Суталинов.

Эске салсак, Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал “2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган” деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *