Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

Мезгил

Өкмөткө караштуу Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Мындай чечим КР суу кодексинин ченемдеринин суу ресурстарын башкаруу боюнча мамлекеттик органын түзүүнү жөнгө салган талаптарын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Буга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Суу ресурстары агенттигине мамлекеттик суу саясатын ишке ашыруу, башкаруу иш-чараларын координациялоо, суу ресурстарын колдонуу жана коргоо, аларга мониторинг жүргүзүү боюнча иш алып барат.Мындан тышкары Суу кодексинде каралган милдеттерди тийиштүү түрдө аткаруу максатында суу ресурстары агенттигине суу секторунун мамлекеттик органдарынын айрым иш-милдеттери берилет.

Ошондой эле климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу тобокелдиктерди жумшартуу чаралары көрүлүп, учурдагы объектилердин коопсуздугун камсыздоо жана жаңысын куруу, ошондой эле коллектордук-дренаждык түйүндүн абалын пландаштыруу жана жакшыртуу боюнча мамлекеттик координация жүргүзүлөт.

Эске салсак, өкмөт башчынын чечими менен Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги да түзүлгөн.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *