Сууда сүзөм деп жүргөн адам чек ара маселесин кантип чечет. Абдылдаев Асрандиевдин талапкерлигин сындады

Мезгил

Бүгүн 4-февралда  Жогорку Кеңештин тармактык комитети бүгүн, вице-премьерликке сунушталган Эркин Асрандиевдин талапкерлигин карады.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев,  вице-премьерликке сунушталып жаткан Эркин Асрандиев бул кызматка ылайык эмес экендигин айтты. Ал  былтыр жайында Ысык-Көлдөн сүзүп өтөм деп жоголуп кетип, чуу жаратканын эске салды.

«Мамлекеттик майрам болуп жатса, мамлекеттин акчасын чөнтөгүнө салып отурган адам Ысык-Көлдө сүзөм деп жүрөт. Бул кишинин түшүнүгү ушулбу? Жаш баланын кыялындай кыялдар болуп жатпайбы? Анан кантип кыргыз-казак чек арасындагы маселелерди чечет. Мен түшүнүп турам, бул кандидат туура эмес. Эркин Асрандиев, «чоңоюш керек». Мамлекеттик жумушка даярданып жүргөн адам, майрам күнү шаарда болуш керек, майрамга жакын туруш керек», — деди эл өкүлү.

Эске салсак,  былтыр 31-августта Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө катышкан Асрандиев жана анын жанында коштоп жүргөн кайыктагы адам көлдөгү катуу толкунга кабылып, бирин-бири таппай калышкан. Сегиз сааттан ашуун дайынсыз болду. Аны издөө боюнча операцияны премьер-министр Мухеммадкалый Абылгазиев жеке көзөмөлүнө алган. Караңгыга калып, суу үстүндө 19 саатка жакын сүзгөн Асрандиев 1-сентябрга караган түнү, саат экилерге жакын Тоң районунун Бар-Булак айылындагы жээкке өзү сүзүп чыгып, аман-эсен табылган.

 Аны издөөгө  17 куткаруу тартылып, атайын оперативдүү штаб түзүлгөн. Ага жергиликтүү бийлик органдары 600 литр, Мамлекеттик резиденция 400 литр бензин короткон.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *