“Сынган кылыч”, “Жанжаза”. Депутаттар кайсы китепти окушат?

      Мезгил

    Жакшы китеп өмүрдүн жан шериги.  Китеп окуу ааламдашуу доорунда адамзатынын техникалык жетишкендиктеринин көмүскөсүндө калып бара жатканы абдан өкүнүчтүү. Заманбап гаджеттер адамдардын жашоосунун ар тарабына кеңири жайылып, жакын досуна айланды. Анткен менен китепти сүйүп окугандар да жок эмес. Окурман китеп бетин барактап окуп баштаганда андагы каармандар менен кошо образга кирип кетет эмеспи. Китеп бизди чексиз космос мейкинине алып чыгат, деңиз түпкүрүнө, атомдун ичине саякататтат. Бүгүн биз коомчулукта аты көрүнгөн инсандар кайсы  китепти барактап окушат ушул  туурасында суроо салдык.    

    Кубанычбек Исабеков Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты

   Георгий Константинович Жуковдун “Воспоминания и размышления” деген китебинин эки томун окуп чыктым. Жогорку аскер окуу жайын окугам, ал киши кумирлеримдин бири. Жакында Улуу жеңиштин 75 жылдыгы келе жатат. Маршал Георгий Жуковдун бул чыгармасы абдан чоң таасир калтырат.

Окурмандарга кыргызстандык болгондон кийин биринчи залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун китептерин сунуштаар элем. Эл жерибизди өзүбүз көтөрбөсөк ким көтөрөт. Анан албетте  мекенибиздин тарыхын билишибиз керек деп ойлойм. Биздин улуу жазуучууларыбыздын баарын классиктерди карап көрүп  бир сыйра окуп чыксак бул жаман болбосо керек.  

Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин депутаты

 Кыргыз эл баатыры, жазуучу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” китебинин жаңыланып чыкканын жакында эле окуп бүттүм. Ал эми окурмандарга да дал ушул китепти  сунуштайт элем. Менимче бул китепти ар бир кыргыз жараны окуп чыгышы керек деп ойлойм. 

Нурбек Алимбеков Жогорку Кеңештин депутаты

Акыркы жолу Султан Раевдин “Жанжаза, “Топон” чыгармаларын окуп чыктым. 

Окурмандарга болсо залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын,  ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, көрүнүктүү драматург Султан Раевдин  да чыгармаларын сунуштайм.

Урмат Аманбаева Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты

Мен акыркы окуган китебим Джон Кехонун “Подсознание  может  всё!” деген китебин окудум. Бул биздин азыр жашап жаткан турмушубузга ар кандай   маселелерге, “эмне кылыш керек, кандай принцип менен жашоого болот?” деген суроолорго жооп алуучу китеп. Окурмандарга да ушул китепти сунуштамакмын.

Бактыбек Райымкулов Жогорку Кеңештин депутаты

Учурда  Асанбек Стамовдун “Хан Тейиш” романын окуп жатам. Ортосунан өтүп аяктап калдым. Албетте сунуштай тургандар китептер көп. Бирок акыркы окуп жаткан китебим ушул.  Окурмандарга Кыргыз эл баатыры, жазуучу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” китебин сунуштайм.

  Китеп тууралуу кызыктар  

-Эң алгачкы кыргыз китеби 1911-жылы Казань шаарында басылып чыккан. Ал Молдо Кылычтын “Кыса-и-Зилзала” деген китеби болгон. Китепте 1909-жылы Чүй өрөөнүндөгү катуу жер титирөө тууралуу айтылган. Акын өзүнүн адам жана табият, руханий турмуш менен диний асылдыктардын ич ара карым-катнашы тууралуу ой жүгүртүүсүн камтыган. Китепти алгачкы кыргыз “Алиппесин” жазган окумуштуу жана коомдук ишмер, кыргыз агартуучусу Ишеналы Арабаев демилгеге алып, баш сөзүн өзү жазып жарыкка чыгарган.

-Алгачкы китеп биздин заманга чейинки 1-кылымда пайда болгон. Бактан кичинекей тактайчаларды жасап, анын бетине мом куюшкан. Мом жумшак кезинде текшиленип, катыгандан кийин анын бетине курч металл таякча менен жазышкан.

-Жер бетиндеги эӊ байыркы китеп катары Присстин папирусу аталат. Ал биздин заманга чейинки 3350-жылы түзүлгөн. Бул китеп байыркы Фивы шаарындагы пирамидалардын биринде табылган.

-Байыркы Ассирияда ылайдан китеп жасашкан. Бул китептин узун-туурасы 32 сантиметрди түзсө, ар бир барагынын калыӊдыгы 2,5 сантиметрге жеткен. Мындай калыӊдыктагы барактар 1 китепте 10дон 100 даанага чейин болгон.

-Дүйнөлүк статистикага таянсак, китеп сатып алуучулардын жарымы 45 жаштан ооп калган адамдар жана алардын көпчүлүгү айымдар болуп эсептелет.

-Йелск университетинин окумуштууларынын изилдөөсү боюнча, 3-класска чейин окуй албаган окуучулардын төрттөн үч бөлүгү ошол бойдон шар окуй албай калышат.

-Китеп ууруларын «библиоклептоман» деп аташат. Эӊ атактуу библиоклептоман Стивен Блумберг жалпысынан 268 китепканадан 23 миӊдей китеп уурдап, чогулткан.

-Эӊ көп калем акыга татыган китептердин катарына акын Оппиандын чыгармалары кирет. Рим падышасы Марк Аврелий анын балык кармоо жана мергенчилик тууралуу эки поэмасынын ар бир сабы үчүн бирден алтын тыйын төлөп берген.

-Дүйнөдөгү эӊ чоӊ китеп Амстердамдагы музейлердин биринде сакталган. «Деӊиз шарттарынын жыйнагы» аталган китептин туурасы 1 метр, узуну 1,5 метр, калыӊдыгы 0,5 метрдей.

-Дүйнөдөгү эӊ кичинекей китептин 12 даанасы бир аш кашыкка батат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *