Төкмө акын Элмирбек Иманалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Мезгил

42 жаш курагында Эл артисти, төкмө акын, комузчу Элмирбек Иманалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, акын оорудан улам каза болгон. Ал кант диабети менен жабыркачу.

Элибиздин таланттуу уулу Элмирбек Иманалиев Токтогул районунун Өзгөрүш айылында 1978-жылы 17-январда жарык дүйнөгө келген. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. “Айтыш” коомдук фондусунда көптөгөн жаш акындардын устаты болчу.

Төкмөлүк акындан сырткары Манас, дастандарды мыкты чеберчиликте аткарган. Ал ырчы, обончу катары “Аруузатым”, “Булбулум”, “Жалгыздыктан тажап бүттүм”, “Коштошуу вальсы”, “Мунарым”, “Балкыма” сыяктуу эл оозундагы мыкты бир топ чыгармаларды жараткан.  

“Mezgilnews” сайтынын эмгек жамааты маркумдун жакындарына жана үй –бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *