Түлеев: Атамбаевдин көзүнөн “Жээнбеков менен элдештир”деген жалдыроону көрдүм

Мезгил

Бишкек шаарынын мурдагы мэри,  Нариман Түлеев кечээки КСДП партиясынын жолугушусунан   кийин мурдагы президент  Алмазбек Атамбаев андан президент Сооронбай Жээнбеков менен элдештирүүнү өтүнгөнүн интернеттеги баракчасы аркылуу билдирди.  

«Мен Сооронбай Жээнбеков менен тааныш эмесмин, мен аны менен кол алышып да көрбөгөм, бирок ал достук менен мамлекеттик кызыкчылыктын ортосунда калганда экинчисин тандап алгандыгы үчүн колун кысмакмын. Алмаз менден элдештирүүгө жардам беришимди өтүнгөн. Анын көзүндө өтүнүч эмес, жалдыроо көрүнүп турган. Бирок мындай өтүнүчтө эч кандай логика жок болчу, себеби мен президент менен тааныш эмесмин. Атамбаев анын схемалары жана Кыргызстанга тийгизген кесепети билинип каларынан коркуп, ушундай кадамга барган», деп жазган Нариман Түлеев.

Муну менен катар эле ал тарых музейи, ЖЭБ деги коррупция боюнча экс-премьер-министр Сапар Исаков эмес, Алмазбек Атамбаев жооп бериш керек дейт.

“Атамбаев эгер эркек болсоң кыргыз элинин алдында келтирилген чыгымдарды төлөп жүзүңдү ач” деген билдирүү жазды.

Белгилей кетсек, экс-мэр Нариман Түлеев учакта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен бирге учкан сүрөтү интернетке жарыяланып бул коомчулукта катуу талкууга алынган. Ал эми Атамбаев “Апрель” телеканалына маек берип жатып, Нариман Түлеев учакта үч саат боюу арыз арманын айтып барганын айткан.
 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *