Түлеев: Түнкү стационар бир күндө 500 миң сомдон кем эмес каражат талап кылууда

Мезгил

Жакында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Нариман Түлеев менен Акматбек Келдибеков баш калаада аты жаман ылаң менен жабыркаган бейтаптарга орун жетишпегенин эске алып, жеке каражаттарынын эсебинен түнкү стационардык бөлүм ачышты. Ал Бишкектеги 7-кичи-райондогу ДСКнын спорт залына уюштурулуп, 120 орунга ылайыкташтырылган. Биз аталган маселенин чоо-жайын билүү максатында Нариман Ташполотовичти кепке тарттык.

–Нариман мырза, түнкү стационар ачкан демилгеңиздер тууралуу кеп козгоп бериңизчи?   

— Билесиңер мамлекеттик казынада каражат жетишсиз, кыйын кырдаал өкүм сүрүүдө. Шаарда да абал кыйын. Ушундай жагдайдын баарын түшүнүп туруп Акматбек Келдибекович экөөбүз ушул ишти мойнубуз менен тарталы деп сүйлөштүк.

Экинчиден, өзүңөр билесиңер, ооруп жаткан адамдын дарты кечкисин күчөйт. Таң аткыча кыйналып чыгат. Түнкүсүн ооруканаларга алып барышса алар ачпаган канчалаган окуялар болууда. Биз мындай шартты эске алып, ооруканага жеткиче алгачкы жардам көрсөтүү болсун деп 120 орундуу стационар ачтык. Бул стационар алгач ачылганда эле 1 сааттын ичинде бейтаптарга толуп калды. Биз стационардагы дары-дармектерине аралашкан жокпуз.

Болгону дарыгерлерибиздин тамак-ашынан баштап, стационардагы майлыктан өйдө “кылт эткен” кыймылга кетчү баардык каржылык чыгымдарын көтөрүп бердик. Бир эле күндө орточо эсеп менен 500 миң сомдук каржылоо коротулууда.

Бүгүн мага бир топтору “кыйынчылыкта неге жардам берип жатасың? Унчукпай эле отуруп турчу? Булар кетет өздөрү” – дешүүдө. Бүгүн бир топ саясатчылар элди ойлогон жок. Эптеп эле сырттагы пандемиянын арты менен бийлик тоголонуп калса, ошонун арты менен бийликке келүүнү самашууда.     

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *