Түндүк электр кызматы 7000 миңге жакын керектөөчүнүн жарыгын өчүрөт

   Мезгил

   Эртең өз маалында төлөмдөрдү жүргүзбөгөн жарандардын жарыгы өчүрүлөт.  Бул тууралуу «Түндүкэлектр» кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, алардын карыздарынын суммасы 12,8 млн. сомду түзгөн. «Түндүк электр»  абоненттерди ыңгайсыздыктарга кабылтпаш үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат.

Төлөмдөрдү  «Quickpay», «АсИсНур», «UMAI», «Terempay», «KICB», «БТА Банк» төлөм терминалдарынан, ошондой эле, «UMAI», «Элсом» электрондук капчыктарынан, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынан, «Дос Кредо Банк», «Айыл Банк», «БТА Банк» кассаларынан жүргүзүүгө болот.

Бишкек шаарындагы «акылдуу» эсептегичтерге кошулган 6 800 турмуш-тиричилик абоненттеринин электр камсыздоосу дистанциондук түрдө өчүрүлөт. Алардын карыздарынын суммасы 12,8 миллион сомду түзөт.

«Ыйык Орозо айында ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *