Түндүк-Түштүк жолунун курулушу 2021-жылы бүтүүгө тийиш

  Мезгил

Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу – 433 чакырым. Азыр анын Балыкчы шаарынан Кочкор айылына чейинки, Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки бөлүгүндөгү 68 чакырым жолду каржылоо маселеси калды, калган бөлүгү толугу каржыланып бүттү. Ошондон улам, буга чейин Азия өнүктүрүү банкы менен каржы маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Жеӊишбек Ногойбаев билдирди.

 Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-Түштүк жолунун курулушуна 78 млн доллар көлөмүндө каражат, анын ичинде 68,5 млн доллар жеӊилдетилген насыя, 9,5 млн доллар грант берүүгө даяр. Насыяны жабуу мөөнөтү – 32 жыл, жеӊилдетилген мөөнөтү – 8 жыл. Ошону менен бирге, кыргыз тарап 12 млн 750 миӊ доллар кошумча каражат кошууга тийиш. Насыя жеӊилдетилген мөөнөттө 1 пайыз, андан кийин 1,5 пайыз үстөгү менен берилүүдө.

Белгилей кетсек, Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу – 433 чакырым. Анын курулушу 2021-жылы бүтүүгө тийиш. Азыр анын Балыкчы – Эпкин бөлүгүндөгү 68 чакырым жолдун курулушуна подрядчиктер тандалууда. Тендердин шарттарына ылайык, 1 км жолдун чыгымы – 700-750 миӊ доллар. Тендер жыйынтыгында ал арзандашы мүмкүн.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *