“Түндүкэлектр” Бишкекте 8 миң керектөөчүнүн жарыгын өчүрдү

Мезгил

“Түндүкэлектр” Бишкекте 8 миң керектөөчүнү жарыктан өчүрдү. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынан билдиришти.

 Маалым болгондой, абоненттердин карызы 12,5 миллион сомдон ашып кеткен. Мекеме бул тууралуу 3 күн мурда эскерткен. Төлөмдөр атайын кассалардан тышкары, терминалдардан жана почтада кабыл алынууда.

  Абоненттерге коюлган “акылдуу электр эсептегичтер” аларды алыстан эле өчүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эгер абоненттер карызын “Түндүкэлектр” ишканасына келип же терминалдардан төлөсө аларга электр жарыгы ошол замат автоматтык түрдө берилет.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *