Өтө оор абалдагы жаран аппараттан чыкты

   Мезгил

Өтө оор абалдагы жаран аппараттан чыкты. Бул тууралуу бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирустун алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында Ош облустук ооруканасында Кыргызстанда коронавирустан улам жасалма дем алдыруучу аппаратка коюлган алгачкы бейтап өз алдынча дем ала баштады. Оорулуунун абалы жакшыргандыктан аппараттан алынган.

Азыркы учурда таажы ылаңы менен ооруган адамдардын саны 111. Алардын ичинен 11 балдар.

 Бүгүн коронавирус жуккан дагы төрт адам катталган. Алардын бирөө Жалал-Абад шаарында, бирөө Сузак районунда, бирөө Кара-Көл шаарында жана бирөө Чүй облусунда.

-Жалал-Абад дубаны- 54

-Ош дубаны- 28

-Чүй дубаны-5

-Баткен дубаны-1

-Ош шаары-9

-Бишкек шаары -8

-Нарын дубаны- 4

-Ыссык Көл дубаны-2

Буга чейин Кыргызстанда коронавирус жуккандардын ичинен жандандыруу бөлүмүнө түшкөн алты бейтаптын бешөө жалпы палатага которулган. Алтоонун бирине да жасалма дем алдыруу аппараты коюлбаганы айтылган.

Азыркы учурда Ош облустук ооруканасында жаткан бир, ал эми Ноокат райондук ооруканасында жаткан эки бейтап туруктуу оор абалда реанимацияда.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *