Төрөбаев: Азыр колхоздун кампасында кароолчу болгондор деле депутат болом деп жатышат

   Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев кийинки шайлоода парламентке сабатсыздар келип калуу коркунучу бар экендигин айтып, азыр колхоздун сарайында кароолчу болгондор да депутат болом деп жатат деген ойду массалык маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатып билдирди.  

   “Азыр абдан көп маселе чыгып атат, эртең жетинчи чакырылышка  келген парламент сабаттуу болобу, билимдүү, адискөйлөр келеби  ушул жагына да абдан маани берип карашыбыз керек. Ооба шайлоо босогосун 9-5-же 4 пайыз  кыла беребиз бирок ким келет?. Кайра эле мындайча айтканда колхоздун кампасында (складында) кароолчу болгондор деле депутат болом деп жатпайбы. А өзүнөн сурасаң “депутат болом деп жатасың, эмнеге барам деп жатасың айтчы, мыйзам деген эмне?” деп сурасаң билбейт. “Конституция деген эмне, бүгүнкү башкаруу системасы азыркы учурда кандай?” десең билбейт. Мына ошого окшогондор барда. Ошондуктан  сапаттуу парламент келеби бул боюнча абдан ойлонушубуз керек”дейт Төрөбаев.   

Булак:Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *