Төрөбаев “дөөрүй” баштаганына караганда сөзү дары болчу киши жок болуп атабы?

 Мезгил

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты  Бакыт Төрөбаев акыркы убактарда коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп, ар кандай сындарга кабылууда. Дегенибиз, ал буга чейин Ширин Айтматовага “бирөөнү күнөөлөөдөн мурда,  атасынын музейинин абалына карасын” десе,  ал эми кечээ жакында эле  массалык маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатып, 2020-жылы өтүүчү шайлоодо парламентке сабатсыздар келип калуу коркунучу бар экендигин айтып дагы коомчулуктун сынына кабылды.

Буга чейин Бакыт Төрөбаев өлкөнүн өнүгүү стратегиясы боюнча чоң жыйында ошол маалдагы  өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге “сиз бизди сындап бышырдыңыз, сизди сыйлайбыз” деп  айтып, андан  “Дары болсун!” деген какшык менен шылдың коштогон  жооп алган. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынып Төрөбаевга карата бир катар сындар айтылган эле.

 Ал эми буга чейин Алмазбек Атамбаев учурдагы парламентти “чимкирик парламент” деп атап аларга карата бир катар сындарды айткан. Ал ортодо депутат Кожобек Рыспаев Атамбаевдин бул сынына “Биз чимкирик эмес, элитабыз” деп жооп кайтарган.  Бул коомчулуктун талкуусуна жем таштап, учурдагы Жогорку Кеңеште  сабатсыздар отурганын айтышып,  парламентти  мөөнөтүнөн мурда таратуу керектигин жазышкан.   

 Айтайын дегенибиз, Бакыт Төрөбаев улам сөзүнөн чалынып сындарга кабылып жатканына караганда ага сөзү дары болчу киши жок болуп жаткан өңдөнөт.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *