Төрөбаев: Коркунуч бар. Кийинки шайлоодо сабатсыз парламент келип калышы мүмкүн

   Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты “Өнүгүү Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев массалык маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатып кийинки 2020-жылдагы шайлоодо сабатсыз парламент келип калышы мүмкүн деген пикирин билдирди.

“Майда партиялар келет. Биринчи ондукта кимдер болот. Биринчи ондукта партияга шайлоого ким акча салса ошол коюлушу ыктымал.  Бул менин башыман өттү. Бул жерде сабатсыз парламент келип калышы мүмкүн. Коркунуч бар. Ошон үчүн тогуз пайыз деген.  Бириккиле ошондо   аз дегенде 25 депутат келет. Ошонун арасында аял киши, мугалим,  медик, юрист келип калышы мүмкүн. Андыктан бул жерде идея сапаттуу болуш үчүн 9 пайыз коюп, партиялар биригип, адистиги жогору профессионал адамдардын келишине жол ачылат деген ойдомун” дейт Төрөбаев.     

Белгилей кетсек, 2020-жылы 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *