Төрөбай ЗУЛПУКАРОВ: “Биримдик” партиясы менен сүйлөшүүлөр жакында аягына чыгат”

Мезгил

–Төрөбай мырза, мурдагы ИИМ жетекчиси Молдомуса Конгантиевдин Жогорку Сот тарабынан акталышына кандай пикирдесиз?

–Соттун чечимине комментарий берүүгө мыйзам алдында мага укук берилген эмес. Анан калса кызыгып да карап көрбөдүм. Мен юрист катары материал менен таанышпай туруп бир нерсе деп айтуу да кыйын.

–Сизди «Биримдик» партиясынын куратору, көмүскөдөгү кожоюну» – деген пикирлер бар. Өз оозуңуздан бул жагын тактасакпы дегенбиз?

–Ким кандай пикирде болсо өзүнүн ою. Партияга тымызын мүчө болуу мүмкүн эмес. Партиялардын иши ачык эле болот. «Биримдик» партиясы кимдики экенин Адилет министрлигинин сайтынан билип алса болот. «Биримдик» партиясы күчтүү команда топтоп жатканы билинип эле турат. Партиянын жетекчиси Марат Аскерович менен мамилем жакшы. Биз аз күндө командабыз менен сүйлөшүүлөрдү аягына чыгарып, өз оюбузду айтабыз. «Биримдик» партиясы менен келечекте бир саясатты жүргүзүү боюнча жалпы менин тегерегимдеги команданын ою түз.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *